Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

17:23 И. Айдаралиев Таласта курулуп бүтпөй жаткан социалдык объектилерди барып көрдү


Бүгүн Таласка иш сапар менен келген биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев шаардагы айрым проблемалуу мектептер менен ооруканаларга барды. Талас шаарындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтпөй жаткан жатаканасын курууну улантуу маселесин тез чечүүнү шаардын мэрине тапшырды. Лицейге жатакана курууга жергиликтүү бийлик уруксат бербей жаткан экен. И. Айдаралиев ошондой эле Талас шаарынын күн батыш жагындагы облустук ооруканага барып, көп жылдап бүтпөй жаткан имаратты көрдү. Оорукана курулушун бүткөрүү үчүн мамлекеттик казынадан 12 млн сомду бөлдүрүү жагын карап чыгарын билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG