Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

18:12 Москвада скинхеддердин тобу кармалды


“Интерфакс” маалымат агенттигине шилтеме жасап, Ньюс.ру интернет сайты кабарлагандай, Москвада 20 ашуун чет-өлкөлүктү өлтүргөн скинхеддердин тобу камакка алынды. Жалпысынан тогуз адам кармалып, алардын төртөөсүнө “атайылап адам өлтүргөн жана улутчулдукту козгогон” деген айып тагылды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги соңку мезгилдерде ал жактагы кыргызстандыктарга да кол салуулар көбөйгөнүн билдирип, акыркы фактылар боюнча орус бийликтерине расмий нота тапшырганын буга чейин “Азаттыкка” билдирген эле. Элчи Р.Аттокуровдун маалыматына ылайык, январь айында эле скинхеддер төрт кыргызды өлтүрүп кетишкен. (TD)

XS
SM
MD
LG