Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

18:19 Байкоочу кеңеш 12-февралда УТРКнын баш директорлугуна конкурс жарыялары күтүлүүдө


Бул тууралуу УТРК боюнча байкоочу кеңештин мүчөсү Исмаилжан Шайбеков билдирди. Шайбековдун айтымында, отурумда устав кабыл алынып, соңунан баш директорго конкурс жарыялоо маселеси талкууланат. Шайбековдун билдиргенине караганда, маселени кароого кеңеште добуш жетишет, анткени, кеңештин ишинен баш тарткан алты мүчө кайра кайтып келди. Азыр кеңештин курамында 11 мүчө бар. УТРКнын байкоочу кеңешинин 11 мүчөсү мурдагы парламентте шайланып, бирок, алардын ичинен президенттин сунушу менен шайланган мүчөлөрдүн айрымдары «Ак жол» партиясына мүчө болуп, калгандары отурумдарга катышуудан баш тартышкан.Буга байкоочу кеңештин төрагасын шайлоодогу пикир келишпестиктер түрткү болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG