Маалымат жыйынында Бишкектеги орус православ чиркөөсүнүн кызматкери Игорь Дронов сөздү түз эле ушундан баштады:
-Азыр биз кайрадан өлкө жетекчилерине, тактап айтканда, президент Курманбек Бакиевге кайрылуу-кат жолдодук . Ошол ыйык Николь чиркөөсүн тарыхый ээлерине, демек, Орус православ чиркөөсүнө кайтарып берүү боюнча мыйзамдуу чечим чыгарып берүүсүн сурандык.
Талашка түшкөн имарат Бишкектеги орус православ чиркөөсүнөн итабар алыс жерде жана маданий очокто жайгашкандыктан, аны дин багытында пайдаланууга ылайыксыз деген пикирлер айтылып келген эле. Чиркөө кызматкери Игорь Дронов бул жагдайды четке какканы жок. Өздөрүнүн ылайыктуу сунушу бар экендигин эскертти:
-Эгер ал чиркөө кайтарылып берилсе жана кайрадан жасалгаланса – иконалардын көргөзмөсүн ачат элек.
Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун билдирүүлөрүндө, бул имаратты Совет бийлиги буздуруп-талкалатып атканда, атактуу сүрөтчү Семён Чуйков Орусиядан жиберилген көркөм сүрөттөрдү коюш үчүн – өзүнчө галлерея ачыш үчүн ошол кездеги бийликтен сурап алгандыгы, анын негизинде талкалоолор токтоп, имарат кайрадан курулгандыгы, демек, бул жер – чиркөөнүн орду гана экендиги айтылат. Бул маселеге АКИпресстеги маалымат жыйынында тарых илимдеринин кандидаты Екатерина Озмитель айым мындайча токтолду:
-Чиркөөнүн дубалдары, ички планировкасы сакталып калган. Бизде мындай эстелик-имарат жок. Ага 120 жыл болуп олтурат.Чиркөөнү кудум ошол мурдагы көрүнүшүндө сактап калышыбыз керек.
Чиркөө кызматкери Игорь Дронов маселени тез чечүүнүн зарылдыгын Сүрөтчүлөр союзу 2007-жылдан баштап ал жерде олуттуу оңдоп-түзөөлөрдү киргизип жаткандыгынан көрөт. Анын оюнча, имаратты өзгөртүү – тарыхый эстеликтерди коргоо мыйзамына каршы келет. Экинчи кабат кеңсеге, биринчи кабат соода түйүнүнө ылайыкталып салынып жатыптыр. Ал эми ошол биринчи кабатка ажаткана куруп салышкан: “Бул биздин диндин көз карашынан алып караганда - көпкөндүк”, – деди ал.
Бишкектеги чиркөө талаш маселесине карата түрдүү көз караштар бар. Саясатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанда бардык адамдардын укугу тең экендигин эскертип келип, чиркөөнү ээлерине кайтарууну жактаса, маданият жана маалымат министри Султан Раев тигилердин Сүрөтчүлөр союзунун менчигин талашып жаткандыгын орунсуз көрөт.
Ал эми Бишкек шаар тургуну Урмат Кыязов:
- Ал имаратты христиандарга кайтарса, анда Жеңиш аянтын мусулмандарга кайтарсын. Ал жерде да мечит болгон, – деген пикирин билдирди.
“Ыйык Николь храмы” деген атка токтолсок, Совет доорунун алдыңкы мезгилдеринде ал чиркөөдө Александр Никольский деген дин кызматкери иштептир, ал эми салдыргандар башкалар болгон.