Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

АЗЕРБАЙЖАН ТΥРКМӨН ГАЗЫНА “ЭШИК АЧМАК” БОЛУУДА


Азербайжан Түркмөнстан менен чогуу Транскаспий куурун курууга даяр экенин ырастады. Куур түркмөн газын дүйнөлүк базарга Орусияны айланып түз сатууга жол ачат. Иран өкмөтү Каспийдин макамы аныкталмайын, анын отун энергия байлыктары сыртка сатылбасын деп, долбоорго каршы. Ашхабад өз ара келишпестиктен улам өткөн жылдын аяк ченинде Иранга газ жөнөтүүнү токтотуп салган. Транскаспий долбооруна энергия базарын кеңейтүүнү көздөгөн Евробримдик менен АКШ да кызыкдар болууда.

Мунай-газдын жаңы булактарын издеген Брюссель түркмөн газына Азербайжан аркылуу жетмек болууда. Муну 4-февралда Бакуга келген Евробиримдиктин делегациясы, ошондой эле биримдиктин учурдагы төрагасы-Словениянын тышкы иштер министри Дмитрия Рупель ырастады:

-Биздин күн тартибибиздеги маанилүү суроолордун бири- энергия коопсуздугу. Байланыштар жана келишимдердин Евробиримдик- Азербайжан ортосунда эле эмес, Азербайжан-Түркмөнстан арасында да болушун колдойбуз.

Ашхабад-Баку арасындагы салкын мамиле Түркмөнстандын пайдалануудагы эларалык Баку-Тбилиси-Жейхан боросуна кошуулуусуна жолтоо болуп жаткан. Болбосо, эки өлкөнү туташтырчу боро куруу планы СССР кыйраганда эле пайда болгон. Былтыр бийликке келген президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун көп багыттуу саясаты Бакуга “эски долбоордун эшигин ачты”, дейт Түркмөнстандын Түркиядагы мурдакы элчиси Нурмухаммед Ханамов:

- Бердымухаммедов бийликке келгени коңшу өлкөлөр менен мурдакыдан жакшы мамиле түзүүгө аракет кылууда. Мисалы, Түркмөнстан-Азербайжан ортосундагы өтө талаштуу эсептелген Каспийдин мунай-газ кендерин иштетүү маселеси талкууланды. Азербайжан менен талаш жөндөлсө, Транскаспий долбоорун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Ханамов сүргүндөгү Түркмөнстан Республикачыл партиясынын төрагасы. Транскаспий долбоорун АКШ да колдоодо. Анын курулушун илгерилетүү үчүн Мамдепартаменттин атайын чабарманы Стивен Мэнн шейшемби күнү Ашхабадга келген. Бирок, Түркмөнстан менен Азербайжанды бириктирген куурдун долбооруна Иран каршы: Каспийдин чек арасы боюнча Тегеран Баку менен да тил табыша элек.

Мындан тышкары, Орусия, Иран, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстандын лидерлери октябрда Тегеранда кездешкенде, Каспий боюнча бир да чоң долбоор башка тараптардын макулдугу жок башталбаш керек деп макулдашылган. Бул буктурмадан чыгуу үчүн Баку-Ашхабад арасындагы мамиленин жакшыруусу жетиштүүбү? Бул суроонун жообу, серепчилердин боолгошунча, сентябрда Бакуда өтчү Каспий өлкөлөрүнүн үчүнчү саммитинде айкын болот. Ага дейре Бердымухаммедов Бакуга ырасмий сапарга барат. Бул түркмөн лидеринин акыркы он жылда Азербайжанга жасаган биринчи сапары болот.

XS
SM
MD
LG