Канада эгер НАТО Ооганстандын кооптуу түштүк аймагына кошумча күчтөрүн жөнөтпөсө, анын өлкөсү өз аскерлерин келерки жылдын башында алып кетерин кайрадан эскертти. Канада премьер-министри Стивен Харпер мындай эскертүүнү бул ирээт француз президенти Николя Саркози менен телефон сүйлөшүүсү учурунда жасаган. Мурдараак ушундай билдирүүнү Кошмо Штаттар менен Британияга да айткан эле. Ооганстандын түштүгүндө Канаданын 2500 жокери бар. НАТОнун коргоо министрлери Ооганстан маселесин ушул бейшемби–жума күндөрү Литвадагы жыйында талкуулаган жатат.