Мындай билдирүү менен чыккан “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, эл өкүлдөрү бюджетти шашылыш түрдөө кароо менен “Бюджеттик укук жөнүндө негизги принциптер” тууралуу мыйзамды бузушту. Укук коргоочунун айтымында, өлкө үчүн маанилүү ушундай документ коомчулуктун угуусунан өткөндөн кийин гана ачыктыктын негизинде кабыл алынышы керек. Укук корогоочулар 2008-жылга иштелип чыккан республикалык бюджеттин долбоору менен тааныштыруу талабы менен Каржы министрлигине кайрылган.Бирок атлаган мекемеден азырынча расмый жооп боло элек. (MSu)
08:10 Укук коргоочулар парламент депутаттарын бюджеттин ачыктыгынын принциптерин бузушту деп күнөөлөшүүдө