Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Кошмо Штаттар "чоң шейшембидеги" добуш берүүнүн жыйынтыгын күтүүдө


Демократиялык жана Республикалык партиянын президенттике талапкерин аныктоо үчүн бул күнү баштапкы шайлоо өлкөнүн жыйырмадан ашуун штатында өтүүдө. Ушул сааттарда белгилүү болгон алгачкы маалыматтар боюнча Батыш Виржиня штатындагы баштапкы шайлоодо Республикалык партиядан Арканзас штатынын мурдагы губернатору Майк Хаккаби, Иллинойз, Нью-Жерси, Коннектикут шаттарында Жон Маккейн, ал эми анын жакынкы атаандашы Митт Ромни Массачусетс штатында жеңишке жетти. Ал эми Демократиялык партиядан Жоржия штатында сенатор Барак Обама, Оклахома штатында сенатор Хилари Клинтон озуп чыкты. Чоң шейшембидеги добуш берүүнүн натыйжасында эки партиянын ноябрдагы президенттик шайлого талапкерлерди бекитүүчү жалпы улуттук курултайына баруучу делегаттардын 40%ы да тандалат.

XS
SM
MD
LG