УТРКнын байкоочу кеңешинин тарап кеткен 6 мүчөсү кайтып келгенден кийин анын курамы 11 кишиге жетти. Эми чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк болгон соң байкоочу кеңеш бүгүн жыйынга чогулууну белгилеген эле. Бирок үч мүчө ага жүйөөлүү себептер менен катыша албастыгына байланыштуу жыйын 12-февралга которулду. Бул жыйында адегенде байкоочу кеңештин уставы кабыл алынышы керек. Бул тууралуу «Азаттыкка» билдирген кеңештин мүчөлөрүнүн бири Исмаилжан Шайбеков жыйында УТРК башчысынын ордуна сынак жарыялоо маселесин козгоп чыгаарын кошумчалады. Анын айтымында, УТРК башчысын шайлоо боюнча жобонун долбоору да даяр. Өлкө президенти былтыр апрелде кол койгон «Улуттук телерадио корпорация тууралуу» мыйзамга ылайык ошол кездеги парламент байкоочу кеңештин 15 адамдан турган курамын аныктаган эле. Бирок кеңештин алгачкы жыйынында анын көпчүлүк мүчөлөрү иштөөдөн баш тартып, кворум жоктуктан кеңеш чечим кабыл ала албай калган. Байкоочу кеңеш УТРК башчысын беш жылга шайлайт.(SM)