Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

11:19 Аксы окуясы боюнча сот иши дагы жылдырылды


Республикалык аскер соту бул ишти кароону бүгүн кайрадан Жалалабат шаарында улантышы керек эле. Бирок соттолуучулардын бирөөсүнүн адвокаты келбей калганына байланыштуу ишти кароо кийинки жумага которулду. Аксы окуясы боюнча кайра козголгон кылмыш иштин негизинде былтыр Бишкек гарнизондук аскер соту Жалалабад облустук милициясынын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев менен облустук прокурор Зоотбек Кудайбергеновду беш жылга шарттуу кесип, ИИМдин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев акталган. Республикалык аскер соту айыпталуучу жана жабырлануучу тараптардын бул сот чечимине нааразы арыздарын кароого 10-январда киришип, көчмө отурум күндүн сууктугуна жана адвокаттардын ооруп калганына байланыштуу убактылуу токтотулган.(SM)

XS
SM
MD
LG