Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

14:55 Индиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө кызыкдар


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев Делидеги Соода, өнөр жай палатасында болуп, индиялык ишкерлер менен жолугушту. Индиялык ишкерлер чөйрөсү Кыргызстандын транспорт, туризм, кен казуучу жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгонун билдиришти. Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы иштиктүү кызматташтыктын келечеги каралды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (ESu)

XS
SM
MD
LG