Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

18:05 УТРКнын аймактык кабарчылары былтыркы декабрдан бери маянасын ала элек


Бул туурасында УТРКнын «Алатоо» программасынын Ош аймактык кабарчысы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Кенжеева 6-февралда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, аймактык кабарчылардын автордук укугу дагы бузулууда. «Мунун Мелис Эшимкановдун реформасына эч кандай тиешеси жок. Болгону анын биринчи орун басары Эрнис Кыязовдун жеке чечими ушундай болуп калды», - дейт Гүлбара Кенжеева. УТРКнын «Алатоо» программасынын продюсери Рахат Сулайманов Кенжееванын кебин төгүндөп, эч кимдин укугу бузулбагандыгын, болгону аймактык кабарчылардын даяр материалдарын «Алатоо» толук түрдө пайдаланып, бирок текстин бирөөлөргө окутуп жатышкандыгын кабарлады. (ATo)

XS
SM
MD
LG