Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдирди. Элчинин айтымында, Рыспай Осмоналиев өзү аны менен байланышка чыгып, бүгүн элчиликке келип алданган жарандардын акчаларын алып келээрин убада кылды. Белгилүү болгондой, дин боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин уулу Рыспай Осмоналиевди учурда Москвада алданган 200гө жакын мекендеши издеп жүрөт. Маалыматтарга караганда, Рыспай Осмоналиев Орусиянын жарандыгын алып берем деп алардан 1 миңден 1, 5 миңге чейин доллар алып качып кеткен. Бул маселе боюнча Рыспай Осмоналиев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. (MSu)