Буга Орусиядагы кыргыз жарандарына кол салуулар көбөйүп жатышы себеп болууда. Маалыматтарга караганда, акыркы айда эле Москва жана Санкт-Петербург шаарларында 5 кыргыз жараны өлтүрүлгөн. Бул маселе парламенттин бүгүнкү жыйынында козголуп, төрага Адахан Мадумаров аны кароону эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетине тапшырды. Төрага бул маселе боюнча кыргыз тарап Орусия бийликтерине нота жолдогонун, эгер зарылчылык болсо тиешелүү комитетте кайрылуунун долбоорун даярдап, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу керектигин белгиледи.(SM)