Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

13:28 УТРК жетекчилигинин өкүлдөрү ачкачылык жарыялаган кызматкерлер менен сүйлөшүү жүргүздү


УТРК жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен ачкачылык жарыялагандардын бири Бейшенбек Бекешовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бүгүн аларга радио-теле борбордун башчысы Гүлжан Макилова баштаган топ келип кетишти. Анда УТРК жетекчилигинин өкүлдөрү нааразы тарапты элдешүүгө чакырып, бирок ачкачылык жарыялагандар талаптарынан кайтпастыгын айтышкан. Гүлжан Макилова да нааразы тарапка барып жолугуп, аларды кайра жумуш ордуларына келип иштөөгө чакырганын «Азаттыкка» билдирди. УТРКнын ондон ашуун кызматкери мындай талап менен ачкачылык жарыялаганына бүгүн сегизинчи күн болууда. (SM)

XS
SM
MD
LG