Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:37

17:05 Бүгүн “Сентябрь” телеканалынын мунарасына байланыштуу сот иши улантылды


Сыналгынын мунарасына бөлүнгөн жерге байланыштуу ишти кароо облустук административдик жана экономикалык маселелер боюнча сотто улантылды. Ага телеканалдын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев оорусуна байланыштуу катыша албай, соттук талкулоону ал ооруканадан айыгып чыкканча токтото турууну өтүнгөн кат менен кайрылган. Анын соттогу эки жактоочусу да ушундай мүнөздө келтирген өтүнүчүн облустук прокуратуранын өкүлү да колдоп чыкты. Жогоркудай себептерге байланыштуу облустук сот ишти кароону кийинки мөөнөткө жылдырды. Өткөн жылы облустагы райондор аралык сот телеканалдын мунарасына жер ажыраткан Сузак районундагы Караалма айыл өкмөтү менен ошол эле наамдуу аттагы токой чарбанын буйругун жокко чыгарып, мунараны көчүрүп кетүү чечимин чыгарган. Асылбек Текебаев ал чечимди жокко чыгаруу талабы менен 28-декабрда облсотко кайрылган. (YA)

XS
SM
MD
LG