Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

08:25 К. Осмоналиевдин качып жүргөн уулу карыздарын кайтарып берем деген кезектеги убадасын берди


Көз боемочулука тиешеси бар деген айып менен учурда издөөдө жүргөн Рыспай Осмоналиев карыздарын кайтарып берүү үчүн Кыргызстандын Москвадагы элчилигине келем деп буга чейин эки жолу убада кылган. Кечээ ал ата-энесине бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине сөзсүз түрдө келээрин жана элчинин өзү менен жолугаарын кабарлаган экен. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Рыспай Осмоналиевдин Орусиянын жарандыгын жасап берем деген убадасына алданган мекендештери аны менен жолугушууну талап кылып, элчиликке келип жатышат. Осмоналиевге акча берип алданган 97 адам элчиликке арыз менен кайрылган.(MSu)

XS
SM
MD
LG