Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:21

Польшанын премьер-министри Д. Тусктун бүгүн Москвага сапары башталат


Сапардын алкагында ал орус президенти Владимр Путин жана бир катар бйилик өкүлдөрү менен жолугушат. Анда саясый жана экономикалык маселелер, анын ичинде америкалык ракетага каршы жабдыктардын Польшада орнотулушу жана Чыгыш Европада жаңы газ магистралдарын куруу маселеси каралышы күтүлүүдө. Мындай жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү орус-поляк мамилелеринде 2004-жылдан бери болгон эмес. Акыркы жылдары эки өлкө ортосунда мамиле кескин начарлаган. Орусия Польшадан алып келүүгө мындан үч жыл мурун тыюу салып, мунун ветеринардык проблемаларга байланыштырган. Ал эми Варшава өз тарабынан Орусия менен Еврошаркет ортосунда кызматташтык боюнча жаңы келишимдин түзүлүшүнө тоскоолдук кылып келген.

XS
SM
MD
LG