Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

АКШда президенттикке талапкер Митт Ромни жарыштан чыкты


Кошмо Штаттарда Республикалык партиядан президенттикке талапкерлердин бири Митт Ромни жарыштан чыкканын жарыялады. Анын бул кадамы аталган партиядан АКШ президенттигине эми сенатор Жон МакКейндин талапкер болору анык экенин көргөзүүдө. Мунун алдында "чоң шейшемби" деп аталган күнү өлкөнүн 20дан ашуун штатында өткөн баштапкы шайлоодо Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни калктуу штаттарда сенатор Жон МакКейнге ал эми түштүктөгү штаттарда экинчи бир талапкер Майк Хаккабиге уттуруп койгон эле.

XS
SM
MD
LG