Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

ЕККУ Орусиянын март айында өтүүчү президентик шайлоосуна байкоо жүргүзүүдөн баш тартты


Уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу кечээги билдирүүсүндө мындай чечимин Орусия байкоочулардын саны жана келүү мөөнөтү боюнча киризген чектөөлөрү ЕККУнун эрежелерине ылайык байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бербестиги менен түшүндүрдү. Орусиядагы президенттик шайлоого ошондой ЕККУнун парламенттик ассамблеясы да байкоо салбай турган болду. Билдирүүдө парламенттик ассамблея орусиялык тараптын чакыруусун кабыл алалбай турганы айтылган. Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЕККУнун байкоо жүргүзүү боюнча талаптарын четке кагып, аны ультиматум деп атаган эле.

XS
SM
MD
LG