Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

11:20 Абактагыларды эркиндикке чыкканга даярдоочу борборлор ачылат


Мындай борборлор Чүйдөгү жана Бишкектеги он жаза өтөөчү жайда ачылып, анда боштондукка чыкканы жаткандарга психологиялык, социалдык, юридикалык жана башка жардамдар көрсөтүлмөкчү. Адилет министри Марат Кайыповдун билдиришинче учурда эркиндикке чыккандан кийинки жашоого көнбөй кайра эле түрмөгө түшүп калгандар көп кездешип жатат. Социалдык коштоо деп аталган бул долбоор бир катар эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып, ага баш-аягы сексен алты минден ашуун АКШ доллары жумшалмакчы. Ырасмий маалыматтарга ылайык Кыргызстандын жаза өтөөчү жайларында он бир минден ашуун адам бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG