Депутат Иса Өмүркуловдун маалыматы боюнча, быйылкы жылы өкмөттүн аппаратын каржылоо 20 миллион сомго көбөйтүлдү. Ал эми президенттин иш башкармалыгына 736 миллион сом бөлүнүп, ал 153 миллион сомго көбөйтүлгөн. Өлкө өнөр жайына көңүл бурмайынча кыйын кырдаалдан чыга албайт, деп белгиледи Өмүркулов. Тышкы сооданын таңсыктыгы 1.5 миллиард долларга жетүүдө. Мындай шартта инфляцияны 12% кармоо мүмкүн эмес, деп кошумчалады Өмүркулов.(AiT)