Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Аба ырайы: 9-февралда Бишкекте күндүз кыламык кар жаайт


Метеорология борборунун кабарлоосуна караганда, 9-февралда күндүз Талас, Чүй облустарынын айрым жерлеринде кыламык кар жаайт. Калган аймактарда кар жаабайт. Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10 градус.
Таласта түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...-9 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15 градус.
Бишкекте күндүз кыламык кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -14...-16, күндүз -6...-8 градус болот.

XS
SM
MD
LG