Бул тууралуу серб министри Слобадан Самарджич билдирет. Бул маалыматты кайдан алгандыгы тууралуу министр эч нерсе айта элек. Косово бийликтери буга чейин аймактын эгемендиги жакында жарыяланат деп жар салып келген. Бирок аны жарыялоо күнү так белгилене элек болчу. Сербия өкмөтү Косовонун өз алдынчалыгына караманча каршы болуп келет.