Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

12:50 Жүз он беш атка минер жапжаңы кызматтык автоунааларды алышты


Вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев 115 “Нива”, “Волга” жана “Жигули” автомашиналарынын ачкычын айыл өкмөттөрдүн жана жергиликтүү башкармалыктардын жетекчилерине жана шаар мэрлерине тапшырды. Бул салтанат бүгүн Алатоо аянтында болуп өттү. Айыл өкмөт жана жергиликтүү башкармалыктардын, шаардык мэриялардын материалдык абалын чыңдоо менен катар ишин жакшыртуу максатында 206 автоунаа сатып алуу үчүн мамлекет башчы атайын жарлык менен республикалык бюджеттен 62,7 млн сом каражат бөлгөн. Бүгүнкү тапшырылган 115 автоунаадан тышкары дагы 49 автоунаа жакынкы күндөрү ээлерине тапшырылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG