Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

16:07 Прокуратура укук коргоочу Максим Кулешовдун арызын укпай, кайра анын өзүн күнөөлөп жатат


Бул туурасында «Кылым Шамы» коомдук уюмунун юристи Жаныбек Сопиев «Азаттыкка» кабарлады. Кечээ М. Кулешов милиция мыйзамсыз кармады деп прокуратурга арызданган. Биринчи май районунун прокурору Талант Шатманов арызды кабыл алуудан баш тартып, тескерисинче укук коргоочуну ээн баштыкка барды деп күнөөлөп сотко кайрылган. Арызды кабыл алуудан баш тарткан прокурор менен укук коргоочунун ортосунда кер-мур айтышуу болгон. Биринчи май райондук соту укук коргоочуга каршы берилген доо арызды дүйшөмбү күнү карайт. М.Кулешов өз кезегинде Биринчи май районунун прокурору аны өз бөлмөсүндө сабап, бир нече убакытка чейин мыйзамсыз кармаганы туурасында Жаныбек Сопиевге айтып берген. (JJ)

XS
SM
MD
LG