Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

10:55 Мари Йованович: Жергиликтүү башкарууну борбордон ажыратуу саясаты жаатында Конституция артка чегинди


Мындай пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович ЮСАИДдин долбоорунун негизинде жергиликтүү башкаруу тажрыйбасын талдаган жума күнкү конференцияда билдирди. Элчинин пикиринде, бул жергиликтүү башкаруу түшүнүгүнө доо кетирип, жарандардын көзөмөлүнөн сырткары кабыл алынган чечимдер ийгиликтүү болбой калат. Ошондуктан, Конституцияны өзгөртүү шарты келсе жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо жолу менен тандоого көңүл буруу сунушун берди. Жаңы Конституцияга ылайык айыл өкмөт башчылары акимдин сунушуна ылайык дайындалат жана кызматтан алынат. Расмий өкүлдөр жергиликтүү бийлик башчыларын тандоодо акимдерге мүмкүнчүлүк берилишин сапаттуу кадрларды тандоого шарт түзүү максаты менен түшүндүрүп келишет. (BuS)

XS
SM
MD
LG