Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

11:13 Келерки аптада Жогорку Кеңеш Мамлекеттик Думага кайрылат


Анда Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары арасында киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны көбөйүп бараткандыгы эскертилип, ага каршы чара көрүүгө таасир этүү сунушталат. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык мамилелер комитетинин төрагасы Эрик Арсалиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кайрылууну дүйшөмбү же шаршемби күнү комитет иштеп чыгып, Тышкы иштер министрлиги аркылуу Думага жөнөтөт. Өткөн жумада кыргызстандык эки жаран Орусиянын борбордук аймактарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү маалымдалган. Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны жыл башынан бери сегизге жетти. (BuS)

XS
SM
MD
LG