Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

15:49 М. Мураталиев: Уруучулук системасын жандандырып, коомдук жаңы түзүлүштү пайда кылуу керек


Бул тууралуу “Кыргыз эл, кайра жаралуу тилектештиги” уюмунун координатору Мелис Мураталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында уруучулук системасын жандандыруу багытында ал жетектеген уюм өзүнчө долбоор иштеп чыгып, бийликке сунуштап жатышат. “Азыр трайбализм күч алды. Эч кимге жашыруун эмес, учурда бийлик бутактарында бүтүндөй президентке жакын бир эле чоң уруунун өкулдөрү отурат. Биз сунуштап жаткан долбоор боюнча, кыргыздын тарыхында болуп келген үч Оң, Сол жана Ичкилик канттары өзүнүн курултайын уюштурат. Ар бир канаттын курултайында бир да уруу четте калбай катышат. Ар бир уруудан өкүлдөр шайланып отуруп, канаттардын курултайлары эл казынасын түзөт. Ал казынанын курамында үч канаттан тең бирдей санда шайланган адистер болот. Ал эми президент болсо бийликке жана мекеме жетекчилерин ошол эл казынадагы адистерден гана шайлай алат. Негизи муну кыргыздын накта демократиясы деп айтсак болот”, - дейт Мелис Мураталиев. (ESu)

XS
SM
MD
LG