Орус өкмөтүнүн вице-премьер-министри Сергей Иванов стратегиялык куралдын жайылышын көзөмөлдөө боюнча жаңы келишим түзүүгө үндөдү. Мюнхенде өтүп жаткан эларалык коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Иванов, андай демилгени Москва менен Вашингтон жетектөөгө алышы керек деп белгиледи. Орусия жаңы аскерий блок негиздөөнү көздөйбөйт, - деп кошумчалады вице-премьер. Москва Чыгыш Европада антиракеталык системанын бөлүктөрүн жайгаштыруу менен Батыш жарыша куралданууну кайра баштоону максат кылууда деп айыптап келатат. Анын алдында жыйында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс сүйлөп, Пакистандын түндүк-батыш тоолуу аймактарында баш пааналаган ал-кайидачылар менен талип согушкерлери Исламабад өкмөтүнө коркунуч келтирүүдө деп баса белгилеген.