Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, кармалган үч адам 12-январда Каныбек Жусуповду өлтүрдүк деп күнөөнү мойнуна алышты. 15-18 жаштагы орус улутундагы жигиттер К. Жусуповдун чөнтөгүндөгү 500 рублге жана чөнтөк телефонуна кызыгып, бир нече жолу бычак сайган. “Алар К. Жусуповду тоноо максатында гана өлтүрүшкөндөрүн айтып жатышат, ошондуктан К. Жусупов скинхеддердин колунан киши колдуу болду деп так айтуу эрте”, дейт Р. Аттокуров.(MSu)