8-январда укук коргоочу М. Кулешов I WANT TO BELIEVE (“Мен ишенгим келет”) деген акциясы учурунда аны милиция мыйзамсыз кармады деп прокуратурга арызданган эле. Биринчи май районунун прокурору Кылыч Токтогулов арызды кабыл алуудан баш тартып, ошонун негизинде прокурор менен укук коргоочунун ортосунда кер-мур айтышуу болгону буга чейин кабарланган. М.Кулешов прокурор аны өз бөлмөсүндө сабап, бир нече убакытка чейин мыйзамсыз кармаганы туурасында билдирген. Биринчи май районунун прокурору Кылыч Токтогулов укук коргоочунун мындай айыптоолорун четке какты. Прокурордун “Азаттыкка” билдиргени боюнча М. Кулешовдун арызын прокуратура кабыл алам деп билдирген жана аны эч ким сабаган эмес.(MSu)