Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

13:50 Улуттук илимдер академиясы ботаникалык бактын башка колго берилишине каршы чыгууда


Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президентинин милдетин аткаруучу Дүйшө Кудаяров бүгүнкү маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, ботаникалык багында өтө сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү сактап калуу үчүн 20 дан ашуун илимий кызматкер 70 жылдан ашуун өз салымын кошуп келе жатат. Ботиника багынын лабораториясынын жетекчиси Леонид Андрейченко айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик ботаникалык багына камкордук менен мамиле кылааары күмөн туудурат деген пикрин билдирди. Ботаника багына байланыштуу талаш маселе айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Улуттук илимдер академиясына таандык М. Гареев атындагы ботаникалык багын агенттиктин карамагына өткөрүп берүү демилгесин көтөргөндөн тартып башталды. Агенттиктин жетекчилиги мындай демилге ботаникалык багын сактап калуу үчүн гана көтөрүлүп жатканын билдирип келет.(MSu)

XS
SM
MD
LG