Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Иранда Ислам революциясынын жыйырма тогузунчу жылдыгы белгиленүүдө


Өлкө президенти Махмуд Ахмадинеджад буга байланыштуу бүгүн Тегеранда массалык митингде сөз сүйлөп, Батыштын Иранга өзөктүк программасынан улам кысым көргөзүүсүн "кагаз менен ойноо " катары баалады. Учурда дүйнөнүн ири державалары Иранга каршы санкциялар боюнча үчүнчү резолюцияны макулдашуунун үстүндө иштөөдө. Батыш Ирандын өзөктүк программасы аскерий максатты көздөйбү деп кооптонот, ал эми Тегеран мындай ырастоолорду төгүндөп келүүдө. Келерки айдын он төртүндө Иранда парламенттик шайлоо өтөт. Президент Ахмадинеджад сөзүндө оппоненттерин да өзөктүк программага байланышкан маселеде өз
өлкөсүн сатып жатканы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG