Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

"Газпром" Украинага берилип жаткан газдын чейрек бөлүгүн эртеңден тарта токтотушу мүмкүн экенин билдирүүдө


Украинанын мамлекеттик "Нафтогаз" ишканасынын расмий өкүлдөрү бүгүн Москвада өлкө көгүлтүр оттун келбей калуусун алдын алуу аракетинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Орусиянын "Газпром" ишканасы эгер Украина буга чейин жыйналган карызын төлөбөсө эртеңден тарта ага багытталган газды токтоторун, мындан Еврошаркеттеги керектөөчүлөр жабыр тартпасын өткөн аптада эле жарыялаган болчу. "Газпромдун" маалымат катчысы Сергей Купряновдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эгер украин тараптын 1,5 миллиард доллардык карызын төлөөсү боюнча мунаса табылбаса, ага берилип жаткан газдын чейрек бөлүгү шейшембиде эртең мененден тарта токтотулат. Бул орусиялык өндүрүштөгү газ. Ал эми Орусия Украинага саткан газдын калган бөлүгү Борбор Азиядан келет. "Газпромдун"өкүлү ошондой эски карыз жоюлмайынча Украина менен кандайдыр бир жаңы келишим түзлбөй турганын да кошумчалады.
2006-жылдын кышында эки өлкө ортосунда ушуга окшогон талаштан улам Батыш Европанын бир бөлүгүн көгүлтүр от менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган эле. Эртең Москвага украин президенти Виктор Ющенко келген жатат. Эки өлкө ортосундагы газ чатагы анын иш сапарына көлөкө түшүрчүдөй.

XS
SM
MD
LG