Виктор Ющенко Москвада орус президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуу, Украинанын НАТОго мүчө болуу аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул арада Россия карызга байланыштуу Украинага газ берүүнү токтотоорун эскертүүдө. «Газпромдун» өкүлү Куприяновдун билдирүүсүнө караганда, газ маселеси боюнча «Нафтогаз» менен «Газпромдун» сүйлөшүүсү бүгүн улантылат.