Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:47

09:37 “Орусиядагы кыргыздардын коопсуздугун жакшыртууга кыргыз өкмөтү аракет кылыш керек”


Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы кыргызстандыктардын “Кыргыз биримдиги” аттуу диаспорасынын төрагасынын орун басары Шерикбек Акимов билдирди. ”Учурда Орусияда жан багып жүргөн кыргыздардын абалы бир топ оор. Көптөрү күчтүү тамак ичпей, суукта тоңуп, бир бөлмөлүү квартирада жыйырмага чейин адам жашап жан багып жүрүшөт. Эң башкысы алардын коопсуздугу өтө начар абалда. Канчалаган кыргыздарды сабап, башкаларды өлтүрүп кетип атышат. Алардын коопсуздугун жакшыртуу максатында кыргыз бийлиги чукул арада аракеттерди жасоосу зарыл”,-деди Ш.Акимов.(AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG