Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

17:51 УТРКнын Байкоочу Кеңешинен чыгып кеткен мүчөлөр кайра кабыл алынбайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети Байкоочу Кеңештин кетип калган мүчөлөрүн кайра шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Байкоочу Кеңештин 8 мүчөсү иштөөдөн баш тартып арыз жазышкан, бирөөсү Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Арыз жазган мүчөлөрдүн айрымдары кайра келип иштей тургандыктарын билдиришкен. Бирок комитет арыз жазып кеткендер кайрадан Байкоочу Кеңешке келип иштей албайт, бул мыйзамга жатпайт деп чечти. “Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү саясый оюндарга аралашпай, Кеңештин ишине жигердүү катышканда УТРКда азыркыдай кырдаал түзүмөк эмес,”- деп баса белгиледи Иса Өмүркулов. (MSu)

XS
SM
MD
LG