“Акыйкат үчүн” кыймылы өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес мекендештерди жаштардын “Мен ишенбейм” жана “Мен сени сүйөм Кыргызстан” акциясын колдоого чакырууда. “Мындай акция менен жаштар 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жарандык позициясын билдирди. Ал эми кээ бир атка минерлер жарандардын укугун чектөө үчүн Конституцияга каршы келген чечимдерди чыгарып жатат”,-деп айтылат “Акыйкат үчүн” кыймылы тараткан билдирүүдө. (MSu)