Анда Камбарата ГЭСине, “Бишкек жылуулук түйүнүнө”, “Түндүк электр” тармагына жана баш калаадагы ТЭЦке чет элдик инвесторлорду тартуу маселеси каралмакчы. Ошондой эле негизги маселе 2008-2010-жылдарга Улуттук энергетика программасы менен катар отун-энергетика тармагын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиясы, уу калдыктары сакталган жайларды коопсуздандыруу жана коррупцияга каршы күрөш маселеси талкуулант. (AJ)