2008-2010-жылдарга Улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика тармагын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиясы бүгүн өкмөт отурумунда жактырылып, бул документ Жогорку Кеңешке сунуштала турган болду. Өнөржай жана энергетика министри Сапарбек Балкыбеков энергетика жана отун-энергетика тармагында реформаларды жүргүзүүгө, энергетика тармагын менчиктештирүүгө отурумда жактырылган документ ыңгайлуу шарт түзөөрүн белгиледи. (AJ)