Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

12:57 Министр М.Конгантиев АКШнын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси менен жолукту


Шейшемби күнү болгон сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын Ички иштер министри Молмомуса Конгантиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йовановичке ИИМде жүрүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Министр менен элчи Бишкекте там-жайы жокторго башпаанек куруу боюнча бейөкмөт уюмдар менен биргеликте иштөө зарылчыгын белгилешти. АКШ элчилиги болсо ИИМдин айрым бөлүктөрүн техникалык жабдыктар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүп жардам берээри кабарланды. Ошол эле күнү министр М.Конгантиев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров менен да жолугушту, деп кабарлайт ИИМдин басма сөз кызматы. Анда орус жеринде кыргыз мигранттарын сабап кетүү, өлтүрүү фактыларын иликтөө иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу кеп болгон. Элчи Р.Аттокуровдун айтымында, айрым кыргыз жарандары да Орусияда кылмыштарга аралашып, өлкөнүн абройун түшүрүп жатышат. Элчи менен министр бул жана башка иштер боюнча мындан ары биргелешип иштешүүнүн жолдорун талкуулашты. (TD)

XS
SM
MD
LG