Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

15:44 А.Абдрасулова: Баткен облусунда милиция аябай начар шарттарда иштейт


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова бүгүн Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарындагы Ички иштер барармалыктарынын шектүү адамдарды убактылуу кармоочу жайларынын абалы менен таанышып жүрөт. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, укук коргоочу кечээ Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайларда болуп кайтканын, жалпы эле облус боюнча милиция кызматкерлери начар техника, автоунаа, дээрлик байланышсыз иштеп жатышканын айтып, мунун баары адам укуктарынын да корголушуна кедергисин тийгизип жатканын билдирди. “Анын үстүнө участкалык милиция кызматкерлери жетишпей жатыптыр. Телефон, рация, транспорт жок болсо калк жыш жайгашкан кеңири аймактарга бөлүнгөн бирден эле милиция кызматкери кантип жетишет?”, - дейт А.Абдрасулова. (TD)

XS
SM
MD
LG