Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

18:03 Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери эч жакка кетишпейт


Орусиялык “Мой район” деген интернет-гезитте “Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугунан кооптонуп, аларды Кыргызстанга жибергени жатышыптыр” деген кабар таркаган. Аталган сайттын кабарында элчиликтеги вице-консул Казыбек Көчкөновдун айткандарына шилтеме келтирилет. Бирок Москвадагы кыргыз элчилигинин маалымат кызматы бул кабарда айтылгандарды четке какты. Элчиликтин билдиргенине караганда, вице-консул Казыбек Көчкөнов акыркы күндөрдө кыргыз жарандарына кол салуулар боюнча жалпы маалымат берген. Бирок кабар журналист тарабынан туура эмес берилген. “Элчиликтин кызматкерлери мурдагыдай эле өз оордуларында иштеп жатышат, кошумча коопсуздук чараларын көргөн жокпуз”, - деп билдирди “Азаттыкка” элчиликтин маалымат кызматы. (TD)

XS
SM
MD
LG