Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:15

19:25 Акылмандар кеңеши тышкы саясаттын айрым маселелери боюнча кеп-кеңеш курду


Тышкы иштер министрлигинде бүгүн Акылмандар кеңешинин кезектеги жыйынында Белгия, Франция, Түркмөнстан жана Бенилюкс өлкөлөрү менен алака-катыштын айрым маселелери талкууланды. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү менен Түркмөнстанга жаңы дайындалган кыргыз элчиси Б. Аширов кеңири ой-пикир алышты. Акылмандар кеңешинин жыйынына тышкы иштер министри Э. Карабаев төрагалык кылды. Акылмандар кеңеши 2007-жылы түзүлгөн, анын курамында белгилүү дипломаттар Ишенбай Абдуразаков, Роза Отунбаева, Мурат Иманалиев, Бакыт Бешимов жана Зайнидин Курманов, Валентин Богатырев бар. (KCh)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG