Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Ирактын парламенти 2008-жылдын бюджетин кабыл алды


Ирактын парламенти бүгүн 2008-жылдын бюджетин жана башка эки маанилүү мыйзамды кабыл алууга жетишти. Өлкөнүн быйылкы бюджети 48 миллиард долларды түзөт. Парламенттеги талкуу жана талаш тартыш төрт аптага созулду. Бүгүн кабыл алынган мыйзамдардын бири абакта жаткандардын белгилүү бир бөлүгүнө мунапыс берүүнү, экинчиси борбордук жана жергиликтүү бийликтин мамилесин аныктоону карайт. Кечээ парламенттин бир топ депутаттары бюджеттин кабыл алынышына тоскоолдук кылыш үчүн жыйын залынан чыгып кеткен эле. Бул окуядан улам төрага Махмуд ал-Машхадани парламентти таратарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG