Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

10:44 Р. Отунбаева: Светлана Сыдыкованын талапкерлиги Конституциялык соттун төрайымдыгына жооп бербейт


Бүгүн Жогорку Кеңеште Социал-демократтар партиясынан келген депутат Роза Отунбаева президент Курманбек Бакиевдин кадрдык саясатында кемчиликтер болуп жатканын айтып, Конституциялык соттун төрайымдыгына көрсөтүлүп жаткан Светлана Сыдыкованын талапкерлиги ага жооп бербей турганын баса белгиледи. “Конституциялык соттун башына келген адам кеминде Жогорку сотто иштеген адам болуш керек эле, республикалык органдарды ичинен билген адам болуш керек болчу. Бир жыл Конституциялык сотто иштептир, ошол экен бул кишинин тажрыйбасы. Кеминде илимдин кандидаты болсо болмок”, - дейт Роза Отунбаева. Ал ошондой эле президент аял кишилерди көтөрмөлөп жатканы менен алардын профессионалдык деңгээлин көз жаздымда калтырып жатканына токтолду. (IJz)

XS
SM
MD
LG