Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан келген депутаты Алишер Мамасалиев БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлердин тизмесин талкуулоодо Акылбек Сариевдин талапкерлигин колдогонун билдирди. Анын айтымында, азыр коомчулукта приципиалдуу эмес жана унчукпас адамдарга гана басым жасалып, приципиалдуу адамдар кызматында көпкө тура албайт. Андыктан А.Сариевдин орду БШКда экендигин айткан депутат, “Ак жол” фракциясынын кечээки чечимине макул болгон жок. Кечээ бул фракция колдой турган алты адамынын аттарын жарыялап, ага оппозициялык маанайдагы талапкерлердин аттары кирген эмес эле. Төрага Адахан Мадумаров “Ак жол” фракциясынын чечимине эмнеге макул болбогонун сураганда, Алишер Мамасалиев ага жооп катары “Мен сизге эскертип коёюн, сиз азыр мамлекеттик катчы эмессиз. Мен фракциянын тартибине гана баш ийем”,- деп жооп берди. (IJz)