Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

18:30 Конституциялык сот башына С. Сыдыкова бекиди, акыйкатчылыкка Т. Акун шайланды


Парламент жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Конституциялык Соттун төрайымдык кызматына Светлана Сыдыкованы дайындоого макулдук берди. Ага депутаттардын 77 макул, төртөө каршы болду. Өз сөзүндө Сыдыкова Конституциянын алкагында мыйзамдуу иш алып барарын убада кылды. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчылыгына Турсунбек Акундун талапкерлиги жактырылды. Ага депутаттардын 50 макул болушту, 26 каршы добуш беришкен. Турсунбай Бакир уулуна макул-21, каршы-55, Бүайша Арстанбековага макул - үч, каршы-73, Салима Шариповага макул-1,каршы-71 жана Каныбек Абдыкадыровго макул-1, каршы -75 депутат добуш беришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG