Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

19:00 Ош жана Карасуу райондук соттору Кушбак Тезекбаевдин кылмыш ишин кароодон баш тартты


Ош жана Карасуу райондук соттору Ош облус губернаторунун экс-биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевдин кылмыш ишин кароодон баш тартты. Бул туурасында Ош облус губернаторунун мурунку биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев 4-февралда «Азаттыкка» өзү телефон аркылуу кабарлады. Ага кызматынан кыянат пайдаланган, 1,5 миллион сомдук гуманитардык жардамды жалаң тааныштарына бөлүштүргөн, милиция жетекчисине кол көтөргөн деп коюлган айыптардын бирин дагы мойнуна албагандыгын, тигил эки сот баш тарткандан кийин Бишкектен Жалалабат түрмөсүнө которушкандыгын, учурда саламаттылыгы кыйла начарлагандыгын, жаткан жеринин шарты киши чыдагыс экендигин кошумчалады. Ош облус губернаторунун азыркы биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев Тезекбаевге байланышкан окуяларга сот гана чекит коеорун, бирок канткен күндө да анын кемчилиги башка аткаминерлерге сабак болоорун белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG